06.11.2019 13:54

Куралчандар тажик-өзбек чек арасындагы отрядга кол салды. Он жети адам каза тапты

Куралчандар тажик-өзбек чек арасындагы отрядга кол салды. Он жети адам каза тапты

Беткап кийген куралчан 20 адам тажик-өзбек чек арасында жайгашкан «Султанабад» чек ара отрядына кол салды. Бул тууралуу Сa-news билдирди.

Окуя 6-ноябрга караган түнү саат 3:23тө Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдөн 60 чакырым аралыкта жайгашкан чек ара бекетинде болгон. Кол салгандар 5 ок атуучу куралды тартып алышкан.

Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында, кылмыштуу топтун 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө колго түшүрүлдү. Атышуудан бир чек арачы жана бир милиция кызматкеринин өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.

Тажик ИИМ маалыматына караганда, операция учурунда кылмыштуу топтун 4 унаасы жарактан чыгарылды. Учурда бул кандуу окуя териштирилип жатат. 

 
Сезгенчээк адамдарга көрүүгө болбойт!!!