16.12.2019 09:18

Курч мүнөздөгү вирустук инфекция күч алууда

Курч мүнөздөгү вирустук инфекция күч алууда

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Эки сутка аралыгында кабылдама бөлүмүнө 632 бейтап кайрылган, алардын 279у курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандар. Кайрылгандардын 160ы жаткырылды", - дейт Гүлжигит. 

Учурда стационардык бөлүмдөр толуп калды, анда 481 бейтап жатат.