Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди бүгүн, 27-август күнү Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Соттун чечими менен Курсан Асановго саат 22:00дөн 6:00гө чейин үйүнөн чыгууга тыюу салынды. Сот залынан чыгып бараткан Асанов журналисттерге тагылган айып менен макул эместигин, бирок тергөө иштери адилеттүү жүрөөрүнө ишенерин айтты.
Журналисттин: «Кашкар Жунушалиевдин көрө албастыгынан сизге айып тагылып жатат деген сөздөргө кандай комментарий бересиз?» деген суроосуна, Асанов: «Бул боюнча убакыт келгенде айтылат. Азырынча эч нерсе айта албайм. Ар бир адамдын өз абийирине койдум», - деп жооп кайтарды.
Курсан Асановго Кой-Таштагы операциядан кийин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: