27.08.2019 21:03

Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды

Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди бүгүн, 27-август күнү Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Соттун чечими менен Курсан Асановго саат 22:00дөн 6:00гө чейин үйүнөн чыгууга тыюу салынды. Сот залынан чыгып бараткан Асанов журналисттерге тагылган айып менен макул эместигин, бирок тергөө иштери адилеттүү жүрөөрүнө ишенерин айтты. 

Журналисттин: «Кашкар Жунушалиевдин көрө албастыгынан сизге айып тагылып жатат деген сөздөргө кандай комментарий бересиз?» деген суроосуна, Асанов: «Бул боюнча убакыт келгенде айтылат. Азырынча эч нерсе айта албайм. Ар бир адамдын өз абийирине койдум», - деп жооп кайтарды.

Курсан Асановго Кой-Таштагы операциядан кийин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.