08.08.2019 21:03

Курсан Асанов: Генералдык сөзүм - эч ким тийбейт, баарын укуктук талаада чечебиз (видео)

Курсан Асанов: Генералдык сөзүм - эч ким тийбейт, баарын укуктук талаада чечебиз (видео)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге баары мыйзам чегинде болоорун убадалашты. Super.info ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асановдун Кой-Ташта экс-президенттин жакындары менен сүйлөшүп жаткан тасмасын жарыялады. 

Анда Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын болгон куралдарды тапшырып берүүгө чакырып жатканын көрүүгө болот. 

«Баарын укуктук талаада чечебиз. Алмазбек Шаршенович биринчи унаага эки жан сакчысы менен отурсун, экинчи унаага Кундуз Жолдубаева отурсун. Эшикти ачкыла, мен куралдарды көрө берейин. Менин  генералдык сөзүм - эч ким тийбейт», -деди Курсан Асанов Атамбаевдин кишилерине. 

Кийинки тасмада экөөнүн маңдай-тескей туруп, сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. «Элдин тынчтыгы деп, мага кандын кереги жок деп, өз эркиңиз менен колго түшүп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Бардыгы мыйзамдын негизинде чечилет. Балдарыңызга эч ким тийбейт. Азыр убакыт болуп калды, чыга берсек болот», -деди Курсан Асанов.