Курсан Асановдун издөө салынган уулу тууралуу 5 факты
Башкы прокуратура 29-августта Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыялады. ИИМ жетекчисинин мурунку орун басарынын 22 жаштагы уулу Атамбаевдин үйүнөн алынган пакетти экс-президенттин тарапташтарына өткөрүп берүүгө көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Ал пакеттин ичинде эмне болгону көпчүлүккө - табышмак, бирок Башкы прокуратуранын божомолунда «тергөөгө керектүү далил буюмдар, документтер» бар болчу.
Сыртынан камакка алынып, издөө салынган Мухаммед-Али Асанов тууралуу 5 факты:
1. 2014-жылы Бишкекте жеке менчик «Илим» мектебин бүтүргөн.
2. 2016-жылы АКШнын Массачусетс штатындагы жогорку окуу жайга «Инвестиция тартуу жана дүйнөлүк экономика» багыты боюнча тапшырып, билим алган.
3. 2018-жылы АКШда жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын медаль уткан.
4. 2019-жылы июлда Эл аралык мамилелер Москва мамлекеттик институна «Мамлекеттик башкаруу» программасы боюнча магистратурага тапшырып, өткөн.
5. Курсан Асановдун жалгыз уулу.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: