10.03.2020 14:32

Курулуш компаниясы милдетин аткарбай жатат. “Аалам Строй” компаниясынын кеңсесинин алдында митинг өттү

Курулуш компаниясы милдетин аткарбай жатат. “Аалам Строй” компаниясынын кеңсесинин алдында митинг өттү

Бишкектеги Жал кичи районунда орун алган “Аалам Строй” компаниясынын кеңсесинин алдында митинг өттү. Бул тууралуу компания курган үйлөрдүн тургундары "Апрель" телеканалынын кабарчыларына билдиришти.

Анын айтымында, Жал кичи районуна аталган компания үч блоктон турган үй курган.

“Жалпы 280дей батир бар. Учурда 180дейинде адамдар жашап жатат. 2017-жылы колдонууга бериши керек болчу. Бирок дагы эле жок. 180 квартира кыштан свет менен чыкты. Эми болсо светти да өчүрүп салышты.  Жашоочуларга борбордук жылуулук системасын чечүүгө жана обьектинин бүтпөй калган жерлерин бүтүрүп берүүнү убадалаган. Бирок бүтпөй жатат”, - дейт жашоочулардын бири.

Аталган компания айтылган дооматтарга карата жооп бере элек.