10.09.2018 14:36

Куткаруучулар кырсыкка кабылган франциялык туристке жардам көрсөтүштү

Куткаруучулар кырсыкка кабылган франциялык туристке жардам көрсөтүштү

ӨКМ куткаруучулары кырсыкка кабылган франциялык туристке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2018-жылдын 7-сентябрь күнү саат 20:15 чамасында Алтын-Арашан капчыгайындагы Ала-Көл көлүнө жакын жерде 29 жаштагы А. Е. аттуу франциялык жаран кулап кетип, бутун сындырып алган.

Жабыркаган туристти алып келүү үчүн 8-сентябрь күнү саат 06:00дө КР ӨКМнин Каракол шаарындагы №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, саат 18:00 чамасында алып түшүрүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда туристтин абалы канааттандырарлык.