08.02.2019 14:21

Кувейтте жаңы үйлөнгөн жаштар 3 мүнөттөн кийин ажырашып кетишти

Кувейтте жаңы үйлөнгөн жаштар 3 мүнөттөн кийин ажырашып кетишти

Кувейтте жаңы гана үйлөнгөн жаштар бир нече мүнөттөн кийин кайра ажырашып кетишти, деп жазат The Sun.

Мекеменин маалыматына караганда, буга күйөө жигиттин тамаша сөзү себеп болгон. Үлпөт той жыйынтыктап калганда, кыз мүдүрүлүп кетип, аны көргөн күйөө жигит күлүп жиберип, жубайын «келесоо» деп атаган.

Бул сөз кызга катуу тийип, ал ыйлап баштаган. Жыйынтыгында, келин жаңы гана күйөөсү болгон адам менен ажыраштырууну талап кылган.

Ажыраштыруу  процесси үлпөт той өткөн жерде эле жүргөн. Расмий түрдө түгөйлөр болгону 3 мүнөт аялы-күйөөсү катары эсептелишти  жана бул союз өлкөнүн тарыхындагы эң кыскасы болуп калды.