02.10.2019 16:29

Kyrgyz Concept жетекчиси Эмил Үмөталиевди суракка чакырышты

Kyrgyz Concept жетекчиси Эмил Үмөталиевди суракка чакырышты

Kyrgyz Concept жетекчиси, убактылуу өкмөттүн мурунку экономикалык өнүктүрүү министри Эмил Үмөталиевди бүгүн, 2-октябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырышты. Бул туурасында April.kg порталына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен ага чалып, суракка чакырган кагаз келерин эскертишкен, кийинчерээк ал кагазы келген.

«Мени суракка күбө катары чакырышты. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок. Менин да эч нерсе оюма келбей турат», - деп билдирди бизнесмен.

Билдирмеде саат 17:00гө, ага тергөөчү Майлыбековго келиши керек экени жазылган.