19.03.2018 16:10

Күбөлөрдүн кайдыгерлигинен жаш жигиттин сөөгү 3 саат көчөдө жаткан

Бишкекте жаш жигит жаңы курулуп жаткан имараттын 11-кабатынан  боюн таштап,  каза тапты. Окуя ошол жердеги видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Каргашалуу окуя 18-мартта Манас проспектиси менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жакын жерде жашагандардын айтымында, курулуш токтоп турат.  Ал күнү объектиде эч ким болгон эмес.  

Бирок, камерадан көрүнгөндөй,  окуя учурунда тегеректе адамдар болгон. Буга карабастан, эч ким көңүл бурган эмес. Жыйынтыгында, сөөк көчөдө 3 саатка жакын жаткан.