07.02.2019 13:30

Күмтөр маселесин козгоп, шайлоого даярданып жаткан саясатчылар

Күмтөр маселесин козгоп, шайлоого даярданып жаткан саясатчылар

Кумтөр кайрадан көпчүлүктүн түшүнө кирип, активисттердин тынчын алууда. Январь айынын соңунда Бишкекте тегерек стол уюштурулуп, “Элдик курултай” деп аталган кыймылдын мүчөлөрү канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен келишимди жокко чыгаруу суроосун көтөрүшуп, ишкананы улутташтырыш керек деген маселе коюшту.

Кыйкырык менен маселе эч качан чечилген эмес. Канадалыктарды кетирип жиберген күндө, өлөсөл экономиканын абалы кандай болот?