10.02.2020 10:01

АКШ жана Канада таштанды үчүн акылдуу урналарды колдоно башташты

АКШ жана Канада таштанды үчүн акылдуу урналарды колдоно башташты

Канададагы Intuitive AI атту компания Oscar деп аталган акылдуу урналарды ойлоп тапты. Ал таштандынын түрүн аныктап, адамдын колундагы нерсени кайсы урнага салыш керектигин айтып турат. Эгер кеңешке кулак салбаса, акылдуу урналар урушканга чейин барат деп жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Учурда Oscar акылдуу урналарын айрым соода түйүндөрүндө жана АКШнын жанан Канаданын аэропортторунда орнотушту. Аны иштеп чыккан адистер урнаны колдонгон жарандын саны 300 пайызга көбөйгөн. Демилге таштандыны кайра иштетүү ишине жакшы жардам болот деп эсептешет.