12.03.2020 12:14

Коронавирус: Дональд Трамптын чечимине ылайык, АКШ Еврапа менен дээрлик бир ай катташпайт

Коронавирус: Дональд Трамптын чечимине ылайык,  АКШ Еврапа менен дээрлик бир ай катташпайт

11-марттын кечинде Дональд Трамп АКШ элине кайрылуу жасап, Европадан АКШнын аймагына адамдардын кирүүсүнө тыюуу салды.

Ага ылайык, 13-марттан тарта бир айлык мөөнөткө Европанын бардык өлкөлөрүнөн АКШга каттоо тыйылат. Бирок мындай чектөөгө Британиянын атуулдары кирбейт.

Шенген зонасына кирген 26 өлкөдөн АКШга кирүү 30 күнгө чектелет. Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча жооптуу кызматкери Энтони Фаучи андан бир күн мурда Конгрессте сөз сүйлөп, АКШда вирус күчөшү мүмкүн экенин айткан.

АКШдагы оорулардын алдын алуу боюнча борбордун эсеби боюнча, өлкөдө 31 киши коронавирустан каза таап, миңдей кишиге оору жукту. Ал арада АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндө дүкөндөрдө күнүмдүк керектөөчү товарларды сатып алуу үчүн эл дүрбөлөңгө түштү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреесус Женевадагы жыйында COVID 19 вирусун пандемия деп атады.

Азыркы тапта COVID 19 оорусу дүйнөнүн 114 өлкөсүндө жайылып, 118 миң адамга жукту 4 291 киши каза болду.