Күмөндүү акциздик маркалар чапталган 24 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартылып алынды
Салык кызматы тарабынан өлкөдө 3 күндүн ичинде күмөндүү акциздик маркалар менен 24 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартылып алынды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Республика боюнча өткөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө үч күндүн ичинде күмөндүү акциздик маркалар менен 24 миң 396 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алды. Алардын ичинен Бишкек шаарында 4 миң 551 бөтөлкө тартып алынса, Ысык-Көл облусунда – 7 миң 414 бөтөлкө, Жалал-Абад облусунда – 2 миң 692, Чүй облусунда – 2 миң 555, Ош облусунда – 2 миң 403, Баткен облусунда – 2 миң 249, Ош шаарында – 1 миң 934, Нарын облусунда – 368 жана Талас облусунда – 230 бөтөлкө тартып алынган.
Салык кызматы акцизделүүчү контрафакттык товарларды аныктоо боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүүдө, анын ичинде соода-базар комплекстеринде, супермаркеттерде, базарларда, чакан жана ири дүкөндөрдө жүргүзүлүүдө. Тартып алынган товарлар жана алар боюнча материалдар Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына экспертиза жүргүзүү жана корутунду чыгаруу үчүн, ошондой укук коргоо органдарына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.
Ошондой эле, эске сала кетсек, жарандар салык кызматынын сайты аркылуу өз алдынча алкоголдук жана тамеки продукцияларына чапталган акциздик маркалардын аныктыгын текшере алышат. Бул үчүн www.sti.gov.kg сайтынын «Электрондук сервистер» бөлүмүнө кирүү керек, ал жерде «Акциздик маркаларды издөө» функциясы иштейт.
Алсак, акциздик марканын түрүн, көлөмүн жана номерин көргөзгөн учурда импорттоочу чарбалык субъектинин же акциздик марканы алган акцизделүүчү продукцияны өндүрүүчүнүн аталышы жана ИСНи, ошондой эле акциздик марканын берилген күнү жөнүндө маалымат берилет.
Акциздик марка жасалмаланган болсо же туура эмес номер киргизилсе, система «Суралып жаткан акциздик марка берилген эмес» деген билдирүү берет.
Жасалма акциздик маркалар табылган учурда жарандарды Салык кызматынын 194 номери боюнча маалымат борборуна же info@sti.gov.kg электрондук дарегине кайрылуусун суранабыз.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: