12.04.2020 11:11

Күндүн сүрөтү. Дарыгерлер жумушка кантип келүүдө

Күндүн сүрөтү. Дарыгерлер жумушка кантип келүүдө

Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн Facebook-баракчасына сүрөт жүктөп, «Дарыгерлерге жумушка жетүү мурдагыдай эле кыйын» - деп жазган.

Сүрөттө автобустун ичинде дарыгерлер тыгылышып баратканын байкоого болот. Эч кандай коргоочу кийимдери жок бет кап эле кийип турушат. Мындай шартта аралыкты сактоо мүмкүн эмес.

Буга чейин ушундай абалда эле жумушка бараткан милиция кызматкерлерин сүрөтү чыккан жана Ысык-Көлдө дарыгер жумушка велосипед менен бараткан тасмасы тараган.