19.03.2019 19:19

Күтүүсүз кабар! Казак президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

Күтүүсүз кабар! Казак президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. Маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаев республикалык телеканалдардын бирине чыгып, расмий билдирүү жасаган. 

«Мен президенттик ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым. Бирок, биздин мыйзам боюнча менде биринчи президенттин – Элбашынын макамы бар, өлкөнүн ички жана сырткы саясатын аныктоодо олуттуу укуктарга ээ болгон Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары калам. Ошондой эле,  "Нур Отан" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңештин мүчөсү катары да кала берем", - деди Назарбаев. Маалым болгондой, Казакстан президентинин милдетин шайлоого чейин Сенаттын төрагасы  Касым-Жомарт Токаев аткарат. 

Белгилей кетсек, Назарбаев 1990-жылдан бери Казакстанды башкарып келе жаткан. 2015-жылы аны 5-мөөнөткө кайра шайлашкан болчу.