18.07.2018 14:53

Күйөөсүн бычак менен сайган аялга кылмыш иши козголду

Күйөөсүн бычак менен сайган аялга кылмыш иши козголду

Чүй облустук ИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевдин аялына карата 234-берене (хулиганчылык)  менен кылмыш иши козголду. Айыпталуучу Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кечээ,17-июлда болжол менен саат 19:30да «102» кызматына санына бычактан жаракат алган эркек киши ооруканага жаткырылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобуу барып, териштирүүнүн жүрүшүндө аялы менен күйөөсүнүн ортосунда уруш болуп, анын жыйынтыгында аялы күйөөсүнө бычак сайганы такталды. 

Бул факт менен кылмыш иши козголуп, 35 жаштагы М.Б. убактылуу камакка алынды.