Көчмөндөр оюнуна келген чет элдиктер жеринде каттоодон өтө алышат
III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл областында, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы.
Аталган иш-чара III ДКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.
Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
- белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);
- чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).
КРнын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш. Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтер тизмеги бул шилтемеде.
Жарандары каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин тизмегин бул жактан таба аласыз.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: