20.12.2018 16:54

Көчөдө таштанды ыргыткандарга айып салынат

Көчөдө таштанды ыргыткандарга айып салынат

Келерки жылдын 1-январынан баштап "Мыйзам бузуулар жөнүндө" жаңы кодекс күчүнө кирет. Аны менен таштандыларды күйгүзгөн, көрүнгөн жерге түкүргөн адамдар жазалана баштайт. 

Кодекстеги жаза негизинен айып пул ирээтинде болуп чөнтөктү жукартат. Анын суммасы физикалык жактарга 1000 сомдон 17 миң сомго чейин, юридикалык жактардыкы 55 миң сомго чейин барат. 

Жаңы жылда акчадан айрылбаш үчун эмнелерди жасабаш керек? Жаңы мыйзамдын кандай беренелери бар?