09.01.2019 13:22

Көчөдө түкүргөндөрдөн айып кантип алынат, ким аларды текшерет?

Көчөдө түкүргөндөрдөн айып кантип алынат, ким аларды текшерет?

Бул арада социалдык тармакта дагы бир баатыр пайда болду. Ал Ак үйдүн алдына барып жасаган жоругу үчүн "түкүрүк баатыр" аталды.
Бийликте отургандарга болгон мамилесин түкүрүгү аркылуу билдиргиси келген жигит 1-январдан тартып күчүнө кирген "мыйзам бузуулар" жөнүндө кодекске каршылыгын көрсөтүп чыккан.

Жаңы беренеге ылайык, эми коомдук жайларда какырып-түкүрүнгөн адамдар ири айып пулга жыгылышат. Анын көлөмү Беш жарым миң сомдон тартып, 17миң сомго чейин барат.

Бул арада коомчулукта мыйзам бузгандар кантип кармалат? Чындап эле жердеги түкүрүктү далилдөө мүмкүнбү?