10.10.2019 17:00

«Көк-Жар» калктуу конушунда жайгашкан жеке бала бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды

«Көк-Жар» калктуу конушунда жайгашкан жеке бала бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектин «Көк-Жар» калктуу конушунда жайгашкан жеке бала бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Чудо-Детская»  жеке менчик бала бакчанын аймагындагы көмөк чордондон  чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ ишканасынан 1 бригада, «Тез жардам» кызматынан 1 бригада жана ИИМ кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Өрт саат 16:28де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабырлангандар жана курмандыктар жок.