08.05.2018 11:23

Көл жээкке таштанды жыйнаган пансионат ээлери айыппулга жыгылды

Көл жээкке таштанды жыйнаган пансионат ээлери айыппулга жыгылды

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында Чок-тал айылында  Ысык-Көлгө  дааратканадан чыккан булганч суулар агып кошулуп жатканы тууралуу кабар тараган.  Мындан улам, чоо-жайды териштирүү максатында атайын комиссия түзүлүп, көл жээкти карап чыкты. 

Комиссия курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, район акиминин орун басары Максат Сарбагышев, ошондой эле, ӨКМдин, Мамлекеттик экотехинспекциянын жана Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин  аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

«Жээкти кароо  учурунда  ал жер саздак экени жана көлгө саздан чыккан кир суу кошулуп жатканы аныкталды. Комиссия көлгө дааратканадан чыккан суу кошулуп жатат деген маалыматты ачыкташ үчүн атайын техника тарткан. Алардын жардамы менен жээктеги бир нече тилке казылып, кир суу кетчү түтүктөр табылган жок", -деп айтылат маалыматта.

Бирок, комиссия мүчөлөрү жээкке таштандылар  жыйналып калганын аныктады.  

30 тонна таштанды пансионаттын жумушчулары тарабынан ташталган. Мындан улам, “Роял Бич” пансионаты 30 миң сом айыппулга жыгылып, аймакты таштандыдан арылтууга милдеттендирилди.

Ошондой эле, көлдүн суусун текшерүү үчүн эки жерден үлгү алынып, лабораторияга  жиберилди. Анын жыйынтыгы 10 күндө даяр болоору айтылат.