05.02.2019 11:16

Көрүстөндө кыздарды жарым-жылаңач сүрөткө тарткан фотограф эскертүү алат

Көрүстөндө кыздарды жарым-жылаңач сүрөткө тарткан фотограф эскертүү алат

Кажы-Сайдагы мусулмандар көрүстөнүндө сүрөткө тартуу иштерин жүргүзгөн фотограф Артур Болжуровго эскертүү берилет. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек,  Артур Болжуров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына мусулмандардын көрүстөнүндө  жарым жылаңач турган кыздын сүрөтүн жүктөп, «Аталышы жок. 2008. Биринчи ирет жарыялап жатам» деген жазуу калтырган.

Кийин ЖМКлар автор менен байланышып, сүрөттөр кайдан тартылганын сурашканда, Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында 2008-жылы тартылганын маалымдаган.

Бул факт Тоң райондук ИИБдин «Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине» катталды. 

«Мүрзөдө жарым-жылаңач сүрөткө түшкөн кыз модель экен. Ал болгону сүрөтчү тур деген жерге туруп, өз ишин аткарды. Андыктан, аны издебейбиз. Ал эми, Артур Болжуровду табуу маселе жаратпайт. Сүрөтчүгө бул жоругунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, эскертүү берилет. Күмбөздө жаткандарды, алардын тууган-уруктарын сыйлаш керек», -деп билдиришти маалымат кызматтан.