16.01.2019 16:10

«Көзүнө караандар көрүнүп жаткан» - Ош шаарында өспүрүм бала асынып алды

«Көзүнө караандар көрүнүп жаткан» - Ош шаарында өспүрүм бала асынып алды

Ош шаарында өспүрүм бала асынып алды. Бул туурасында Ош шаардык ИИБ маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-январь күнү саат 19.25 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Гүлбар-Тѳлѳйкѳн айылынын тургуну, 2005-жылы туулган бала ѳз үйүнүн сарайында, мал чарбачылыгында иштетилген чѳп байлоочу жипке асынып алгандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн. 

Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бѳлүмү тарабынан алгачкы текшерүү иш чаралары жүргүзүлгѳн. Анын 17.30 чамаларында асынып алгандыгы тууралуу маркумду чечип алышкан күбѳлѳр билдирген. Жыйналган материалдар Ош ШИИБнын «Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине» КР жаза кодексинин 136-беренеси (ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ жеткирүү) белгилери менен катталган. 

«Тергѳѳ амалдарынын алгачкы маалыматтарына караганда, 2005-жылы туулган маркум Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган. Буга чейин кѳзүнѳ кандайдыр караандар кѳрүнүп жаткандыгын ата-энесине айткан. Ата-энеси маани беришкен эмес. Бул окуя боюнча тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ, тергѳѳ учурунда аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча билдиребиз», -дешет мекемеден.