23.08.2018 09:32

Латвия менен Эстония СССРдин курамындагы жылдар үчүн Орусиядан компенсация алууну каалайт

Латвия менен Эстония СССРдин курамындагы жылдар үчүн Орусиядан компенсация алууну каалайт

Латвия менен Эстония советтик оккупация учурунда келтирилген зыяндар үчүн Орусиядан кун төлөтүп алууну каалайт. Бул тууралуу эки өлкөнүн юстиция министрлери кабарлады. Дзинтарс Разначс менен Урмас Рейнсалунун биргелешкен билдирүүсү Эстония Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө советтик режимдин кесепеттерин жана курмандыктарын эске сактоо зарылдыгы айтылат. Саясатылар БУУнун деңгээлине чейин жасала турган иштердин пландарын талкуулашты. Эки өлкө бийлиги мурунку Прибалтика республикаларынын 1940-1990-жылдары СССРдин курамында болгонун оккупация катары эсептейт.

2015-жылы декабрда Латвия, Литва жана Эстония юстиция министрлери декларацияга кол коюшуп, анда күчтөрдү бириктирип, оккупация үчүн кун төлөтүүгө макулдашкан. Бирок Эстония ТИМи Москвадан компенсация алууга ниети жок экенин билдирген. Өз кезегинде Латвия зыяндын баасын 185 миллиард еврого баалаган.

Кремлдин басма сөз катчсы Дмитрий Песков «оккупация» термини менен макул эмес экенин айткан. Ал СССРдин Балтика өлкөлөрүнүн экономикасына жана инфраструктурасына кошкон салымын унутпоого чакырган.