07.08.2019 10:03

Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш иши козголду

Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш иши козголду

Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты бүгүн, 7-августта УКМК таратты.

Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон. Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Д.Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

«Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Зилалиевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан анын жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалым болду. Бул кылмыш иши Латвия Каржылык чалгындоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон», -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын октябрында Зилалиев бомба тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн 3 жылга шарттуу түрдө кесилген. Кийин ага Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш- жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Азыркы убакта аталган кылмыш-ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.