30.03.2020 15:19

Лемонтини өлтүрүп алдым деген жаран УКМКнын тергөө абагына камалды

Лемонтини өлтүрүп алдым деген жаран УКМКнын тергөө абагына камалды

Лемонтинин өлүмүнө шектелген жаран эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Бүгүн шектүүнүн баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карады.

"Лемонти" деген каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулайманов Нарында 28-мартта киши колдуу болуп жан берген. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран кармалган.

Такталбаган маалыматтарга таянсак, шектүүнүн атасы Имашты убагында Лемонти өлтүрүп кеткен.