31.07.2019 12:43

Ленин чокусунда дайынсыз болуп жаткан туристтин сумкасы табылды

Ленин чокусунда дайынсыз болуп жаткан туристтин сумкасы табылды

Ленин чокусунда дайынсыз болуп жаткан туристтин сумкасы табылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Эскерте кетсек, 45 жаштагы орус жараны И.Иванов Кыргызстанга эс алганы келген. Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та акыркы жолу байланышка чыккан. Андан кийин дайынсыз кеткен. 

29-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 6 куткаруучу, «Ак-Сай-Тревел» туристтик компаниясынан 6 куткаруучу жана туристтик компаниянын өтүнүчү менен «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган.

30-июль саат 07:40та кошумча ӨКМ кошумча 4 куткаруучу жиберген. Кечээ, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктикте туристке таандык сумка жана визитка табылган. Ал жакка дагы 12 куткаруучу жиберилип, учурда 22 куткаруучу Ленин чокусунда чет элдик туристти издөө иштерине тартылды.