10.12.2018 11:38

Лейлек районунда жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

Лейлек районунда жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

Баткен облусунун Лейлек районунда жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-декабрь күнү Ош-Баткен-Исфана жолунун 337-чакырымында саат 5:36 чамасында «КамАЗ» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып,  жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Унаанын ичинде бараткан 39 жаштагы Х.Н., 33 жаштагы К.М. жана 25 жаштагы М.уулу.А. аттуу жарандар оор жаракат алып, натыйжада каза болуп калган. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаадан алардын жансыз денесин чыгарып «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

сүрөт Turmush.kg сайтынан алынды