01.05.2021 16:53

Лейлек районунун жашоочулары үчүн гумжардам кербенине кол салуу болгонбу?

Лейлек районунун жашоочулары үчүн гумжардам кербенине кол салуу болгонбу?

Лейлек районунун жашоочулары үчүн гумжардам кербенин тажик аскерлери аткан эмес.

Бул туурасында Turmush басылмасына Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында интернетте тараган маалымат фейк.

"Гуманитардык жардам ӨКМдин коштоосунда Лейлекке жетти. Азыр унаалар Кулунду айылында. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 60 тоннаны түзөт. Бул жардам Жогорку Кеңештин депутаттарынан Жалал-Абаддан келди”-деди ал.