03.05.2018 16:12

Лондондо еврей майрамын белгилөө учурунда 30 чакты адам жаракат алды

Лондондун түндүгүндөгү Стэмфорд-Хилл районунда Лаг ба-Омер еврей майрамын белгилөө учурунда чыккан жарылуудан 30га жакын адам жабыркады. Бул туурасында The Daily Express билдирет.

Кырсык 2-май күнү  кечинде орун алган. Анда еврей майрамын белгилөө үчүн чогулган адамдар салт болуп калгандай эле алоолонто от жагышкан. Бир учурда катуу жарылуу болуп, андан 10 адам денесиндеги күйүктөр менен ооруканага жаткырылды. Оттон качып ,дүрбөлөңгө түшкөн эл түртүшүп, мындан улам жаракат алгандар да бар.

Жарылуунун так себеби белгисиз, айрым ЖМКлар майрамдык отко жок эле дегенде  бир мобилдик телефон ыргытылган деген маалымат таратышты. Бирок, кээ бир басылмалар жарылуу отко ташталган телефондон эмес, чачылган күйүүчү майдан улам чыкканын божомолдошот. 

Социалдык түйүндөрдө жарылуу болгон жерден тартылган тасма пайда болду. Отко жакын тургандардын көбүнүн беттери күйгөнү айтылат.