Лунара Мамытова кыргызстандыктарды пенсиясын топтоп, чет өлкөгө эс алып келүүгө чакырды
Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басары Лунара Мамытова кыргызстандыктарды «көрө албастыкты, ушак сүйлөгөндү токтотуп», акча топтоп, чет өлкөгө чыгып келүүгө чакырды. Бул туурасында ал социалдык тармактагы өз баракчасында жазган.
«Франция, Германия, Бельгия, Америка, Турция, Египет , Америка ж.б. өлкөлөргө мен министрликке келгенге чейин эле өз каражатым менен барып келгем. Себеби, менин девизим – «Дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр!» Ошондо ички дүнүйөң кеңейет, чоңоесун, акылыңа акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар. Ооба, баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Көрө албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бирөө жөнүндө кыпындай да жаман ойлобо. Ушак сүйлөбө. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек», -деп жазган министрдин орун басары.
Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча, пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 401 сомду түзгөн маалда, Мамытованын мындай «чакырыгы» соцтармак колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: