04.03.2020 14:16

М. Абылгазиев: Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө

М. Абылгазиев: Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө

Коронавирус инфекциясы чыкса, ата мекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келет, биз бардык тобокелдиктерди кыскартышыбыз керек.  Бул тууралуу КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди. 

«Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай Эл Республикасына туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы билдиргендей, антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел. 

«Биринчиси – зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Ар дайым жакшыны ойлоп, бирок түрдүү жагдайларга даяр болуу керек. Биз азыктардын болгон камына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так билишибиз керек. Экинчиси – Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагылардын ишине дагы таасир берет. Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир аныксыздыкты жаратууда. Ошондуктан айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында мындай ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Айтымында өлкөнүн рынокторундагы абалды дагы дыкат көзөмөл туруу кажет. Болбосо баалар кескин жогорулап кетиши ыктымал.