21.05.2018 14:41

Мадагаскарда тропикалык бороон 17 адамдын өмүрүн алып кетти

Африканын Мадагаскар  аралында дем алыш күндөрү "Элиаким"  тропикалык  бороону 17 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Рейтерс агенттиги билдирди. 

Бороон учурунда шамалдын ылдамдыгы саатына 85-120  чакырымга жеткен.

"6 миңден ашык адам бороондун кесепетинен башка жайга жайгаштырылды. Бул туурасында Табигый кырсыктардын кесептин жана тобокелдиктерин башкаруу улуттук башкармалыгынан билдиришти", -дейт агенттик

Ишемби күнү кечинде тропикалык бороон Мананара аймагындагы аралды каптап, күчү саатына 120 чакырымга чейин жеткен.