13.06.2019 12:32

Мадеминов: Калыс сөзүн айта албаган үчүн Атамбаев парламентти «чимкирик» атады

Мадеминов: Калыс сөзүн айта албаган үчүн  Атамбаев парламентти «чимкирик» атады

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов кечээ парламентте көтөрүлгөн маселеге токтолду. Анда айрым депутаттар экс-президенттин митингдеги айткандарына нааразы болушуп, кээси Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун айтып чыгышкан. 

«5-6-чакырылыштын депутаттары президент Атамбаев менен бирге көп жакшы нерсе жасап, жана көп маанилүү чечимдерди кабыл алышкан. Менин оюмча, бул чечимдер менен сыймыктанышыбыз керек. Атамбаевдин убагында карапайым эл үчүн көп жакшы нерсе жасалган, анын баарын санап отурбайын, бирок эң башкысы — энергетикалык коопсуздук. Эл да, бийлик да көрүп, баасын берип жатат», — деди Мадеминов.

Ал Атамбаевдин парламенттин дарегине кескин сын айтканы тууралуу өз пикирин билдирди. 

«Маселен, ЖЭБ маселесин карап жатканыбызда, талаш-тартыш маселелер көп болгондуктан, бир нечебиз эл аралык аудитке берүүнү сунуштаганбыз. Парламент ошого барбай, калыс сөзүн айта албай койгон. Алмазбек Шаршенович ошону айтып жатат. Бүгүн да кеч эмес, Дастанбек Артисбекович. Мына сот процесси азыр туңгуюкка такалып турат. Коррупция дей турган болсок, анда ошол ТВЕА компаниянын өкүлдөрүн да алып келип сураш керек. Себеби, коррупция эки жактуу болот, акчаны бирөө берет, экинчиси алат. Демек акчаны берген ТВЕА, алган тиги отургандар болуп жатат. Ошондуктан бул жерде калыстыктын жоктугунан, өзүнүн командасы абакка кирип калгандыгынан Алмазбек Шаршенович ушундай ачуу сөздөрдү айтты», - деди.

8-июнда Бишкекте, «Медиа Форум» имаратынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи жана башка иштер боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында камалган саясатчылар саясий куугунтуктун негизинде жоопко тартылып жатканын билдирген. Бул тизменин катарына ал экс-премьер-министр Сапар Исаковду, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовду, жансакчысы Дамир Мусакеевди, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовду жана башкаларды кошкон. Атамбаев буга президент Сооронбай Жээнбековду жана парламентти айыптаган.

12-июндагы отурумда болсо депутаттар Канатбек Исаев менен Талантбек Мамытов Атамбаевдин өзүн коррупцияга жана бийликти узурпациялоого айыптап чыгышкан. Бул пикирди колдогон КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүшкөн.