01.11.2018 20:00

«Мадина» базарынын жанынан окуучу кызды унаа коюп кетти (видео)

«Мадина» базарынын жанынан окуучу кызды унаа коюп кетти (видео)

Бишкекте «Мадина» базарынын жанынан өспүрүм кызды унаа коюп кетти. Кырсык бүгүн, 1-ноябрда саат 18:40 чамасында болду. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Виктор Баранов билдирди. 

«Кыз болжол менен 7-8-класстын окуучусу окшойт. Ал жөө жүргүнчүлөр өтчү чийинден өтүп бараткан. Сүзүп кеткен унаа – боз түстөгү «Мерседес» үлгүсүндөгү машина экен. «Тез жардам» кызматы бат эле келди. Кыздын буту сыныптыр. Дарыгерлер жабырлануучу ордунан тура албаганынан, ошол жерден шина салууга аргасыз болушту», -деп билдирди Баранов.