20.09.2019 09:31

Маевка айылында карыяны сүзүп качкан айдоочу табылды

Маевка айылында карыяны сүзүп качкан айдоочу табылды

Чүй облусунун Маевка айылында 15-сентябрда бир кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБ маалымат кызматынан билдиришти.

Инспекторлор «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамераларынын жардамы менен шектүүнүн «Мерседес-Бенц 213» унаасын аныкташып, кийин 54 жаштагы А.К. аттуу айдоочунун өзүн кармашкан.  

Бус айып короого токтотулуп, айдоочу териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-сентябрында саат 22:00 чамасында Маевка айылындагы Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө белгисиз айдоочу жолдон өтүп бараткан 72 жаштагы адамды сүзүп алып, ал окуя болгон жерде каза болгон.