17.05.2018 17:40

Малиде 5 жашар альбинос кыздын башын тумар жасоо үчүн кыйып кетишти

Малиде 5 жашар альбинос  кыздын башын тумар жасоо үчүн кыйып кетишти

Малиде 5 жашар альбинос кызды үйүнөн уурдап кетип, тумар жасаш үчүн башын кесип алышты. Бул туурасында  Daily Mail басылмасы билдирди.

Окуя Малинин борбору Бамако шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан Фана кыштагында болгон. Куралчан адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө кирип келишип, апасынын жанында уктап жаткан эки кыздын бирин жулуп кетишкен. Каракчылардын артынан түшкөн эне үйдө калган экинчи альбинос  кызын сактап калуу үчүн орто жолдон кайра кайткан. 

«Биз кызды бардык жактан издедик, акырында мечиттин артынан таптык. Кыздын башы жок экен», — деп билдирет кыштактагы мектеп мугалими Умар Диаките.

Жаалданган жергиликтүү тургундар кичине кыздын коопсуздугун сактай алган жок деген жүйөө менен аскер полициясынын тилкесин өрттөп жиберишти.  

«Биз акыйкаттыкты талап кылабыз. Алар кыздын башын алып кетишти. Бул ырым-жырымдын курамында кылмыштуулук бар», — деп билдирди Батыш Африканын альбинизмге чалдыккан адамдар ассоциациясы федерациясынын башкы катчысы Мамаду Сиссоко. Анын айтымында, мындай кылмыштардын күчөшү өлкөдө 29-июлда боло турган шайлоолорго байланыштуу.  

Маалымат катары айта кетсек, Африкада альбиностордун (ак терилүү негрлердин)  дене бөлүктөрүнөн жасалган тумарлар оорудан сакайтып, байлык жана ийгилик алып келет деген ишеним бар. 

Териси менен чачы ак түстөгү мындай балдардын төрөлүшүн жаман белги деп эсептешет. Бирок, алардын органдарынан жана дене бөлүктөрүнөн күчтүү тумарларды жасаса болот деп ишенишет. Өлтүрүлгөн альбиностордун кайсы бир дене бөлүгү  1 миң доллар турат. Эгер дене мүчөсү толук болсо 75 миң долларга сатып алышат, бул албетте, африкалыктар үчүн  аябагандай көп акча.