28.05.2018 15:05

Малилик «Жөргөмүш-адам» баланы сактап калып, Францияда баатырга айланды

Малилик «Жөргөмүш-адам» баланы сактап калып, Францияда баатырга айланды

Балконго араң илинип турган баланы сактап калган жаран Францияда баатырга айланды. Куткаруу мүнөттөрү түшүрүлгөн тасма интернетте ылдам тарап кетти. 

Имараттын 4-кабатында илинип турган балага жетиш үчүн бир балкондон экинчи балконго тартынып чыгууга жаран бир мүнөткө жетпеген убактысын коротту. Бул убакта баланын кошуналары эки балконду бөлүп турган тосмодон арта салынып, 4 жаштагы баланын түшүрбөй кармап турушту. Бирок, бөбөктү өйдө тартып чыгууга күчтөрү жеткен жок.

Франция президент Эммануэль Макрон 22 жаштагы Гассаманы бүтүндөй француз элинин атынан ыраазычылык билдирүү үчүн Елисей ак сарайына келип кетүүгө чакырды.

Париждин мэри Анн Идальго дагы Малилик жарандын эрдигине баа берип, аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп, рахмат айтканын билдирди. 

Анн Идальго Гассаманы  " Жөргөмүш-адам" деп атады. Мэрге жигит мындан бир нече ай мурун жаңы жашоо баштоо үчүн Малиден Францияга келгенин баяндаган. 

"Мен анын бул эрдиги бардык жарандар үчүн үлгү болуп калаарын жана Париж бул жерде отурукташып кетүүсүнө кубануу менен колдоо көрсөтөөрүн билдирдим", -  деп кошумчалады мэр.  

Окуя дем алыш күндөрү, кечке маал Франция борборунун түндүгүндө болгон. 

Гассама кабарчыларга көчөдөн өтүп баратып, бир үйдүн жанынан топтошкон адамдар  өйдө жакты карап турганын көргөнүн айтып берген.

"Өйдөдө кичине бала илинип туруптур, мен басып кете албайт элем. Буйрук экен, аман алып калдым", -дейт Гассама.

Маалым болгондой, баланын ата-энеси ал убакта үйүндө жок болгон.