Мамэкотехинспекцияда жетекчилик алмашты. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды

Мамэкотехинспекцияда жетекчилик алмашты. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды

Канатбек Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кызматынан бошотулду. Бул туурасындагы буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн эле аталган инспекцияга жаңы жетекчи дайындалып, Жолдошбек Жунушевди Мамэкотехинспекциянын жамаатына жаңы директор катары тааныштырышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жолдошбек Жунушев жетекчилик мыкты тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

«Жаңы жетекчилик менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ведомство алдына коюлган маанилүү милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну улантарына ишеним билдирем», - деди ал.