19.09.2018 12:31

Мамэкотехинспекциянын кызматтык адамдары документ жасалмалаганы аныкталды

Мамэкотехинспекциянын кызматтык адамдары документ жасалмалаганы аныкталды

Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматтык адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта, Башкы прокуратура 2017-жылдын 17-мартында аталган маминспекциянын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, «А.Э» ЖЧКсынын кызыкчылыгы үчүн документтерди жасалмалашканын аныктап чыкканы айтылат. 

Жыйынтыгында, ЖЧК эч кандай экзамен тапшырбай туруп, кооптуу өндүрүш объектиси болгон Бишкек шаардык ЖЭБинде ремонт иштерин жүргүзүүгө уруксат алган.

Кылмыш иш 304-берене (кызматтык абалынан кыянат пайдалануу), 315-берене (кызматтык будамайлоо) жана 350-берене (документтерди жасалмалоо, даярдоо, сатуу жана жасалма мамлекеттик сыйлыктар, мөөр, бланктарды колдонуу) менен ачылды. 

Кылмыш иши андан ары иликтөө үчүн тергөө органына өткөрүлүп берилди.