09.10.2019 15:20

Мамлекетке 1,7 миллион зыян алып келгени үчүн издөөдө жүргөн жаран Россиядан табылды

Мамлекетке 1,7 миллион зыян алып келгени үчүн издөөдө жүргөн жаран Россиядан табылды

Ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы боюнча бир нече жыл издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

ИИМ кызматкерлери Москва шаарындагы кесиптештери менен бирге өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана ири суммада салыкты төлөөдөн качуу үчүн издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин такташкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 8 жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды.

Банкты 2 миллион сомго алдап кеткен

Талас облусунун М.М. аттуу 40 жаштагы тургуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Ал 2011-жылы ЖЧКнын биринин башкы директору кезинде 7-апрель окуясында жабыр тарткандардын бири катары ишкерлик менен алектенүү шылтоосу менен 14 млн. сомдук насыя алуу үчүн банкка кайрылган. Тиешелүү документтерди тапшырып жана күрөөгө мүлкүн койгон соң 5 180 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өзүнө каттатып, андан соң күрөөгө коюлган мүлк үчүн калган насыянын суммасын төлөбөй, өзүнө 2 188 000 сомду ээлеп алып, изин жашырып кеткен.

Ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качкан

2012-жылы жогорудагы жаран ЖЧКнын директору кезинде мыйзамсыз баюу жана өзүнө мүлктү ыйгарып алуу максатында бир нече ай күйүүчү май менен цементти өзгөчө ири өлчөмдө иштетип жүргөн. Ал өзүнүн иш-аракетинин мыйзамсыз экендигин билип туруп, салык органдарынан каржы отчетун жашырып, салыкты төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 1 766 000 суммасындагы чыгаша келтирген.

Учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү маселелери чечилүүдө.