11.06.2018 12:51

Мамлекетке 53 млн сом салык төлөбөй жүргөн ишкер камакка алынды

Мамлекетке 53 млн сом салык төлөбөй жүргөн ишкер камакка алынды

Бишкек шаарында 53 млн сомдук салыкты төлөөдөн качып жүргөн Х.С. аттуу ишкер кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ишкер тууралуу маалыматтар салык кызматына өткөрүлүп берилип, анын жыйынтыгында «А.К.» ишканасы салыкчылар тарабынан текшерилип, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталды.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал адамдын дагы 6 ишканасы бар экени, ал ишканалардын дарегине ири суммага товар алып келингени, бирок бул үчүн салык төлөнбөгөнү  белгилүү болду.  

Бул фактылардын негизинде 213-берене (Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды төлөөдөн четтөөсү) менен кылмыш иши козголду.

5-июнда ишкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда тергөө жүрүп жатат.