13.03.2019 17:16

Айыкпас дартка кабылган Мурат Суталинов камактан бошотулабы?

Айыкпас дартка кабылган Мурат Суталинов камактан бошотулабы?

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Анын жактоочулары дарты өтүшүп кеткенине байланыштуу абактан боштууну өтүнүп келишет. Жубайы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, IV даражадагы рак илдетине кабылган жолдошуна ырайым көрсөтүүнү суранууда.