25.12.2019 13:39

Сооронбай Жээнбеков: Садыр Жапаров боюнча соттордун ишине кийлигишпейм

Сооронбай Жээнбеков: Садыр Жапаров боюнча соттордун ишине кийлигишпейм

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

Анын жүрүшүндө журналисттер камакта отурган саясатчы Садыр жапаровко мунапыс берүү тууралуу маселдени козгошту.

“Садыр Жапаров боюнча мен мына кызматка келгенден баштап аны боштондукка чыгарыш боюнча кайрылып жатышты. Айрым саясатчылар сот чечиминин негизинде эркиндикке чыгышты. Мен азыр Садыр Жапаров боюнча айтсам туура эмес, популсттик билдирүү болуп калат”, - дейт С. Жээнбеков.

Айтымында Садыр Жапаров боюнча келип түшкөн арыз учурда каралып жатат. Жана ал соттордун ишине кийгилишпейт.