03.07.2018 15:42

Мамлекетке 7 миллион сомдон ашык салык төлөбөй жүргөн ишкана аныкталды

Мамлекетке 7 миллион сомдон ашык салык төлөбөй жүргөн ишкана аныкталды

Бишкекте 2017-жылы менчик ишкана катары каттоодон өткөн  «С.М.»  ЖЧКсы  ушул кезге чейин бир да жолу мамлекетке салык төккөн эмес. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ишкана бир жылдан бери Кытайдан Кыргызстанга товар ташып келип турган. Бул убакыт аралыгында мамлекетке 7 миллион сомдон ашуун салык төлөгөн эмес (7 543 312 сом).

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө документте ишкана ээси катары көрсөтүлгөн  Т.С. аттуу жаран аталган ЖЧКга эч кандай тиешеси жок экенин жана каттоо ишине катышпаганын, Кытайдан товар ташып келбегенин жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбегенин билдирген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 182-берене (жалган ээлик кылуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда буга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.