22.09.2019 22:14

«Ун мафиясы» тууралуу. Ширин Айтматова депутаттар шайлоого корогон акчаны кантип кайтарып алып жатышканын айтты

«Ун мафиясы» тууралуу.  Ширин Айтматова депутаттар шайлоого корогон акчаны кантип  кайтарып алып жатышканын айтты

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ширин Айтматова парламенттеги «ун мафиясы» тууралуу тасма жарыялады.

Активистка партиялар Кыргызстанга дан ташып кирүүдөн кошумча нарк салыгын алууну жокко чыгаруучу мыйзам долбоорунун арты менен 650 млн. сом акча табышканын, аны менен шайлоого кеткен акчаларын кайтарып алышканын билдирди.

Ширин Айтматова жана анын "Үмүт 2020" кыймылы парламентти коррупцияга малынган депутаттардан тазалоо ниети тууралуу жарыялап келет.