23.05.2019 16:59

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды

Терроризмге үгүттөө жана диний кастыкты козутуу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Маалыматка  караганда, 25 жаштагы казак жаранына  2018-жылдын май айында иш козголуп, ошондон бери издөөдө болчу.

20-май күнү Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда колго түштү. Анын Бишкекте жашап жүргөнү аныкталды. 

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.