20.05.2019 12:14

Мамлекеттик чек ара кызматы: Казак тарап 5-6 транспортту 1 саат кароодон өткөрүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматы: Казак тарап 5-6 транспортту 1 саат кароодон өткөрүүдө

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогунда кырдаал туруктуу, деп билдирет  Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу бөлүмү.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик чек ара аркылуу көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.  Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогунун «Ак-Тилек- автожол» өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 45 жүк ташуучу автоунаа турат.

Казак тарап 5-6 бирдик транспорттук каражатты 1 саат кароодон өткөрүүдө. КР МЧК кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр жоктугун билдирет.

«Кыргызстандык чек арачылар мамлекеттик чек арадан алып өтүүгө жүк ташуу каражаттарынан тыюу салынган баңгизат каражаттарын алардын прекурсорлорун, курал-жарак жана ок-дарыларды жана жарылуучу каражаттардын бары-жогун гана текшерүүдө. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участокторундагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана автоунаалардын топтолгондугу байкалбайт», -дешет мекемеден.